Өкмөт башчы жакында көчкү түшкөн Базар-Коргондун Көк-Алма айылына барды







Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2-майда жакында жер көчкү жүргөн Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылына барды.
Райондун акими Айбек Бегимкуловдун билдиришинче, көчкүдөн жабыркагандар болгон жок. Ноокен жана Базар-Коргон районунда 5000 жашоочу бир түндө коопсуз жайга көчүрүлгөн. Базар-Коргондун акими Кара-Үңкүр дарыясындагы Көкчөгөз көпүрөсү жараксыз абалга келип, пайдалануудан чыгып калганын айтты. Жээнбеков транспорт жана жол министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы көпүрөнүн долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ага ылайык, жаӊы көпүрө үстүбүздөгү жылдын июнуна чейин бүтүшү керек.
Кооптуу аймактарда жашагандардын коопсуз жайга көчүрүү боюнча элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек деген да тапшырма берилгенин маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

