super.kg logo

Садыр Жапаровдун моюну кесилген сүрөтүн жиберген окурманыбыз "ЭЛДИК КАБАРдын" апрель айындагы жеңүүчүсү болду

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасынын апрель айындагы жеңүүчүсү аныкталды. Апрель айы белгилүү болгондой, түрдүү окуялар, жол жана жаратылыш кырсыктары менен коштолуп, оор өттү. Чү, дегенде эле март айындагы асманга ок атуу менен коштолгон митингдердин бирине себеп болгон Садыр Жапаровдун СИЗОдон моюну жана колу кесилип №47-абакка жеткизилгени чуулгандуу окуялардын башталышы болуп берди. Эскерте кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров Казакстандан мекенине келе жатканда Ак-Жол көзөмөл өткөрүү жайынан аны УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен.

Садыр Жапаровдун оор абалдагы канга боёлуп жаткан сүрөтүн 4-апрелде жиберген окурманыбыз SUPER.KG порталынан анонимдүүлүктү сактап берүүнү өтүнгөн. Аты-жөнүн жазбасак дагы окурманыбызга бир ооз суроо салдык:

- Сүрөттү жиберерден мурун эмнени ойлодуңуз?

- Мага сүрөт келип калды, негизи аны тарткан эмесмин. Ал жакта иштегендер Садыр Жапаровду эч кимге жолуктурбай жатканын айтышты. Митингди деле көрдүк. Аялы, балдары ыйлап, кирип жолуга алышпай, алардын бирөөнө да кирүүгө уруксат берилген жок. Мен Жапаровдун сүрөтүн экс-депутат же эл тааныган адам экенине карап жиберген жокмун. Ал дагы өлкөнүн жараны. Анын ордунда башка адам болсо деле адилеттүүлүк болсун үчүн жиберип коймокмун. Себеби азыр үнүң жогору жакка жетиш үчүн ММКларга кайрылып же коомдук пикир жаратуу керек болуп калбадыбы. Мен Жапаровду ак болчу же ал түрмөдө отурбашы керек болчу дебейм. Болгону анын туугандарына боорум ооруду. Жолуга алышпай, санаа тартып, абактын алдында сагалап жүрүштү да. Ушуларды ойлодум.

Садыр Жапаровдун бул сүрөтү SUPER.KG порталына жарыяланган соң, интернетке чагылгандай тарады. Ошол күнү эле кечинде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровду өзүнчө бөлмөгө алып кирип, камерага сүйлөтүп, "абалым жакшы" деген видеокайрылуусун таратты. Ага чейин Жапаров абакка кирип кеткен боюнча эч кандай маалымат берилген эмес болчу. Эртеси Жапаровду колдоо иретинде уюштурулган митингдерде да анын канга боёлгон сүрөтүн көтөрүп, Ак үйдүн алдында тарапташтары турду. Учурда Садыр Жапаров №1-СИЗОдо камакта. Анын баш коргоо чарасын караган Биринчи Май райондук соту мөөнөтүн 1 айга узартып, 28-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, январь - Медербек Кеңешов (Бишкек шаары).
2017-жыл, февраль - Байболот Атаканов (Өзгөн шаары).
2017-жыл, март - Улан Мадамбеков (Өзгөн району).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.05.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким жонотсо да молодец , С. Жапаровду кескилегенин эч ким билбей калмак
03.05.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zahid, rios.07, Bakyi, madina.87, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
03.05.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарткан кишиге берсенер болмок...
03.05.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сүрөтүн, аты-жонун кошо чыгаргыла! Ошондо адилеттуу болот!
03.05.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аты жонун, суротунун чыгарыштын кереги жок дагы бар балее болуп кетпесин тынч жарайбы!
03.05.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынч жашайлы дегем!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: