Депутаттар Өзгөндөгү кырсыктан жабыркагандарга 3 күндүк айлык маянасын которуп берүүнү сунушташты

Бүгүн, 3-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Пархат Тулендибаев 3 күндүк айлык маянасын Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркагандарга которуу сунушун айтышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө эсеп ачылса, токтомсуз эле депутаттар акча которуп берсе болорун билдирди. Ошону менен катар эле спикер каза болгондордун жакындарына Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтты. Депутаттар каза болгондорду 1 мүнөт эскеришти.
Ошондой эле "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев өкмөт мүчөлөрүн чакырып, кырсык тууралуу маалымат угуу зарыл экенин билдирди. Спикер бул боюнча эртең карала турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.

