Бакыт Төрөбаев: “Акыркы болгон кырсыктарда каза болгондор боюнча бирөө жоопкерчиликти алыш керек”
Бүгүн, 3-майда парламентте “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “акыркы болгон кырсыктарда каза болгондор боюнча бирөө жоопкерчиликти алыш керек”, - деп билдирди.
Депутат Жогорку Кеңеш өз учурунда кандайдыр бир чечимдерди кабыл албаганын, окуяны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көзөмөлгө албаганын айтты.
“Кыргызда 4 айдын ичинде авиакырсыктан 39 адам, Өзгөндөгү жер көчкүдөн 24 адам, автокырсыктан 3 айда 150 адам кайтыш болду. Бул өлкө үчүн трагедия. ӨКМ мыйзамда жазылып тургандай калкты үйрөтүү, окутуу боюнча иш алып барган жок. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүш керек эле. Мындай иштер болгон эмес.
Бир эле эскертүү кагаз бериптир. Ошол эле алдын алуу иши болду. Табигый кырсыктар айтпай келет дейт, бирок башкарсак болот. Бүгүнкү күндө жаңы заманбап технологиялар бар. Азыр бизде СМС аркылуу жаңы спутник аркылуу ыкчам маалыматтарды берсе болот эле. Табигый кырсыктар маалымат каражаттар аркылуу окутууларды жүргүзсө болот болчу. Кырсыктардын алдын алуу боюнча жаңы заманбап техникаларды алыш керек. Камчыбек Ташиев учурунда алынган техникалар менен иштеп келе жатат. Элди кооптуу аймактардан көчкүлө деп эскертүү берилиптир, жери жок болсо кайда көчөт? Кооптуу аймактарда трансформация жүргүзүш керек. Башкы прокуратура кырсыктарды иликтеп, юридикалык баа бериши кажет. Бул боюнча Жогорку Кеңеш тапшырма берели”, - деди Төрөбаев.

