super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Баткендеги Жеңиш майрамы

 
Облус башчысы Жеңиш Разаков баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү
Мамлекеттик гимн жаңырууда
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери - Жеңиш күнүнүн башкы каармандары
Аскердик техникалардын парады
Аскердик техникалардын парады
Аскердик техникалардын парады
Аскердик техникалардын парады
Майрамдык салтанаттан бир кадр
Жеңиш күнү аскердик парад менен толукталды
Жеңиш күнү аскердик парад менен толукталды
Майрамдык салтанаттан бир кадр
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине аскердик ботко берилди
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине аскердик ботко берилди
Атайын даярдалган концерттик программа
Майрамга күбө болгон көпчүлүк

Бүгүн, 9-майда Баткен облусунун бардык район-шаарларында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгы белгиленди. Майрамдык салтанат Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларга арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң борбордук стадиондо иш-чара расмий түрдө ачылып, облус башчысы Жеңиш Разаков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана жалпы Баткен элин бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Аскердик парад, концерттик программа менен коштолду майрамдык кече. Ардагерлер үчүн атайын чатырлар тигилип, аскердик ботко берилди. 90 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Дыкан Калбаев төмөнкүлөрдү билдирди: 

 "Бүгүн өзүбүздү жаш аскердей сезип жатабыз. Жеген тамагыбыз да, отурган ордубуз да ошол бойдон тургандай. Майрам жакшы өтүп жатат. Айтарым, дүйнөдө эч качан согуш болбосун. Элибиз дайыма тынчтыкта, бейпилдикте жашасын".Айта кетсек, Баткен облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согушка 22 000ден ашуун аскер аттанган болсо, анын ичинен 6700 аскер гана мекенине кайткан. Былтыр Жеңиш майрамын белгилөөгө Баткен облусу боюнча 200 ардагер катышкан болсо, бүгүнкү күндө облуста 102 согуш ардагери калган.

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: