super.kg logo

Жол кырсыгына кабылып, 9 жылдан бери майыптар арабасында отурган кыз өз алдынча басып кетүүнү эңсейт

 

Жол кырсыгына кабылып, 9 жыл бою майыптар арабасында отурган Гүлзат Орунбаева өз алдынча басып кетүүнү эңсейт. Ал ата мээримин көрбөй өсүп, кийинчерээк апасынан айрылып жашоодо жалгыз калганын SUPER.KG порталына айтып берди.

"2008-жылы жол кырсыгына кабылып, моюн жүлүнүмдөн жабыркап, бутум баспай калды. Эки ирет операция болдум. Дарыгерлер "басып кетесиң" деп ишеничтүү айтып жатышат. Болгону бир топ убакыт дарыланып туруу зарылдыгын айтышты. Бирок ага каражат жетишсиз болуп коомчулукка кайрылууга туура келип жатат. 12 күндүк дарыланууга 17 миң сом жумшалат экен. Мындай дарылануудан ар бир 3 ай сайын өтүп туруум керек экен", - деп билдирди каарманыбыз.

Гүлзат Орунбаева Ош облусунун тургуну. Ал азыр 35 жашта. Бала кезинде ата-энеси ажырашып, апасы менен Кемин районуна көчүп кетишкен. Жети жыл мурда апасы да каза болуп аны алысыраак жакындары Токмок шаарындагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине алып келип жайгаштырган.

"Жол кырсыгына себепкер болгон тарап башында жардам берип жүрүштү. Убакыт өтүп, апам каза болгондон кийин карабай коюшту. Кырсык болуп, майыптар арабасында отурганыма быйыл 9 жыл болду. Басып кетүү үчүн ар кандай көнүгүүлөрдү жасап аракет кылып жатам", - деп билдирди Орунбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.05.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сакайып кет кудай колдоп басып алсан..
03.05.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым шыпаасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: