Өзгөндөгү жер көчкүдөн кийин ооруканага жаткырылгандардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат

Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүгө байланыштуу кырдаалдык неврозго кабылгандардын саны 13кө жеткен. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Өзгөн райондук аймактык оорукананын башчысы Сатар Жусупов кабарлады.
"Алгач 7 адам "кырдаалдык невроз" диагнозу менен ооруканага түшкөн. Андан кийин 6оо түштү. Анын баары жер көчкүдөн жакындарын жоготкондор. Арасында жашы жете элек балдар жок. Бүгүнкү күндө ооруканада 3өө дарыланып жатат. Бирөөсү жандандыруу бөлүмүндө", - деди Сатар Жусупов.
Эскерте кетсек, 24 адам жер көчкүнүн астында калып, 5өөнүн денеси табылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.