Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана ишке киргизүү тууралуу макулдашууну ратификациялады
Орусиянын президенти Владимир Путин “Орусия менен
Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана ишке киргизүү
тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз кызматы билдирди. Макулдашууда Кыргызстандын
аймагында Камбар-Ата-1 ГЭСин жана бул ГЭС иштеп чыккан электр энергиясын жакынкы
мамлекеттердин энергетика тутумуна экспорттоону камсыздоочу аба линияларын куруу
жана ишке киргизүү долбоорун жүзөгө ашыруу каралган. Эскерте кетсек, жогоруда
аталган макулдашууга 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкекте кол коюлган.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















