super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Айылда абийирдүү кыздар, ал эми шаарда билимдүү кыздар көп"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Шаардык кыз деп кандай кыздарды ойлойсуңар?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Угушумча, кээ бир кыздар тамеки чегип, түнкү клубдардан калбай, ичимдик ичкенин, жарым жылаңач болуп жүргөндүгү үчүн өздөрүн "шаардык" деп сезишет экен. Мен шаардык кыз деп, боёнгону, кийингени, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү маданияттуу, өзүн таза алып жүргөн, билимдүү жана көптү көргөн токтоо, сылык кыздарды эсептейм".

"Азыркы учурда шаардык же айылдык кыз деп бөлүүгө болбой калды. Негизи айылдан абийирдүү кыздар, ал эми шаарда болсо билимдүү кыздар көп боло турган. Сулуу кыздар эки тараптан тең чыкчу эле. Акыркы учурларда кимдин кайсы жерден келгени кызыксыз болгон сыяктуу эле, өздөрүн "шаардыкмын" деп туруп, туура эмес тарбиясын көрсөтүп жүргөн айылдык кыздар бар жана шаардык статусун сактай албай калган шаардык кыздар бар. Бирок жакшы кыздар али түгөнө элек. Мени ошол нерсе сүйүндүрөт. Алар биздин эжелерибиз, карындаштарыбыз, таежелерибиз, досторубуз, керек болсо апаларыбыз. Алар болбосо эркектер жалгызсырап калмак".

"Шаарыбызда туулуп өскөн кыздардын арасында сонун кыздар бар, жөнөкөй, тилди, башканы да жакшы билген, анан да жакшы бир жери - университетте окуса да, мектепте окуса да, дайыма ата-энесинин колунда болушат. Айылда улууга урмат, кичүүгө кызмат кылыш керек экендиги көп учурларда "мыйзам" катары жаттатылып, анан тарбияланышса, шаарда тарбияны кулагы менен угуп ошондой болуш керек экендигине көздөрү жетип, анан колдонушат. Шаардык кыздарды урушуп бир нерсе кылдырып коюшка болбойт, алар эркиндикти сүйөт, себеби эркиндикти кантип колдонушту билет. Алар борбордо болгондон кийин ошонусу менен башкаларга - жалпы кыргыз кыздарына үлгү болушат. Бар болсун шаардык жакшы кыздар!"

"Шаардык кыздардын атын айыл жергесинен келген, кээ бир ой-жүгүртүүсү төмөн кыздар бузуп коюп жатышат. Мен шаарда жашаганыма 24 жыл болду. Кара-Көл шаарынан көчүп келгенбиз, кыздарды айырмалай алам. Шаардык кыздар өтө тыкан кийинишкен, билинер-билинбес эле болбосо көп боёнушпайт, сүйлөгөнү, баскан-тургандары ордунда же орусча таза, же кыргызча таза сүйлөшөт. Айылда дагы сонун, тубаса шаардык көрүнүшкөн, өздөрүн жакшы алып жүргөн кыздарыбыз бар. Кеп айылда же шаарда төрөлгөнү эмес, ал кыздардын тарбиясында. Шаарда да, айылда да "сасыткылар" боло берет, бул жагдайдан качып кутула албайбыз. Туптуура "5" кол тең эмес.

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
03.05.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар кимдин озунон айылдан деле профессор кандидат наук болуп чыккан билимдуу кыздар бар...ошондой эле шаарда деле ыймандуу кыздар бар дээринен анан тарбиядан деп билем..
03.05.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо не шаардык кыздар абийирсиз дейин депатасынарбы???
03.05.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айылда абийирдуу кыздар да билимдуу кыздар да бар,ошондой эле шаарда деле ушундай.бирок шаарда адамды жаман жолго сала турган нерселер коп болгондуктан копчулук учурда ошол жактарга басып алып жатышат жана бул кадимкидей эле сезилип калды.бардык балдарга да кыздарга да ыйман тилейм.
03.05.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Riokyrgyz,ар адамдын озунон. Бузула турган кыз атасынын койнунда деле бузулат шугур ата-энем мыкты тарбия берген. Шаарда оссом да абийир, намыс деген кучтуу. Адамдын озунон да болот. Ыйман ынсап берсин Аллах ар бирибизге. Бироону сынаганга кучтуубуз
03.05.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aima94,мен шаардыктарды жамандап жазган жерим жок,шаардагы адамдарды жаман жолго салып жаткан жайларды жазып жатам.Жакшылап окуп чыгыныз.
03.05.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мага тема жакты. 22 жылдан бери бишкектебиз. Мен жонундо жазылгандай. Анча боенушпайт тыкан деп. Айылга барсам да далдактабай кыздай болуп созолонуп калам.
03.05.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aima94,Озунду жаман афишировать этипсин го не отпой жатасынбы
03.05.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаардада айылдада бай, колунда жогу бар, орточо жашаганы бар. Айтмакчы болгонум. Шаарда байлардын кыздары, айылда байлардын кыздары, кычыраап кийинишсе, оз билгенин кылышат.. Айылда Шаарда орточо, кедей жашаган кыздар шаардада норма эле кийимдерди кийишет, оздорунда жакшынаа алып журушот. Ошентип баардык кыздар акчасына караап канан ар кандай жолдо журушот.
03.05.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адамдын нарагынан еле деп ойлойм. Шаардык чырактай, жапжакшына жургон групалаштарым бар эле. Азыр тескерисинче айылдан барган кыздар бущулуп кетип жаткандай шаарда, шаардык болобуз деп. Жакшына жургону деле бар албетте
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: