super.kg logo

Кубанычбек Кулматов: "Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду бир дагы саясатчыга же саясий партиянын өкүлүнө кредит берген эмес"

 

Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду чакан насыялык компаниялар менен иштешип баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда парламентте аталган фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Жогорку Кеңеште фондго айыл чарба багытындагы жерлерди күрөөгө алуу боюнча уруксат берүү сунушталып жатат. Кулматовдун айтымында, бул сунуш аймактагы дыйкандарга колдоо көрсөтүү үчүн натыйжалуу болот.

Биз азыр аймактарда иш алып барып жатабыз. Мисалы, жерди күрөөгө алууга мүмкүнчүлүк болсо, бактарды өнүктүрүү үчүн насыя берсек болот. Дыйкандарга жеңил болот. Мындан тышкары кичи насыя компаниялары менен иштешкени жатабыз. Насыя алуунун эрежелери коммерциялык банктардай эле болот. Дыйкандар фонддон насыя ала турган болсо 4 пайыз, коммерциялык банктан алса 5 пайыз менен алат”, - деди ал.

Депутат Эльвира Сурабалдиева чиновниктерге кредиттер берилип, таанышы жок ишкерлер насыя алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын айтып: "Белгилүү адамдарга кредит берерде фонддун репутациясын ойлоп коюңуздар", - деди.

Кубанычбек Кулматов: "Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду бир дагы саясатчыга же саясий партиянын өкүлүнө кредит берген эмес", - деп билдирди.

Учурда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.05.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Альбетте бербейсинер.Силер ошол саясатчыларды маскировка этип бир туугандарына жана куудаларына бересинер.Мына далиль катары Бабановтун бир тууганына бердинер.Бирок карапайым элге силер бербейсинер.
KGstan1981 түзөттү 2017-05-03 14:11:47
03.05.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул киши ооруйбу ыя? Кичинесинде коп жыгылган окшойт. Аз маз окшоштуруп алдаса болмок.
03.05.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элибиз 15000 сом айлыка жашап жатса, бул Чыткурсак Бишкек шаарын гулдотуп койгонсуп 15000 доллар айлыка жашап жатыры. Мына Атамбаевдин ишенген кадрларынын бири! Бишкекти таштанды шаары деген атка кондурган мына ушул чиновник!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: