super.kg logo
  Саясат  

Кубанычбек Кулматов Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун кызматкерлеринин айлыгы коммерциялык сыр экенин айтты

 

Бүгүн, 3-майда парламентте Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов фонддун кызматкерлеринин айлыгы коммерциялык сыр экенин билдирди.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев "коммерция менен алектенбегенден кийин эмнеге сыр" деп суроо узатты. Кулматов өкмөт менен бул боюнча келишим түзгөнүн айтты.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Айнура Осмонова фонддун максаты эмне экенин, кандай жетишкендиктерге жеткенин сурады. Кулматов билдиргендей, фонд Кыргыз Республикасынын экономикасын жакшыртуу үчүн түзүлгөнүн белгиледи. 2016-жылдын отчёту 26-майда бериле турганын, ошондой эле көптөгөн жетишкендиктер болгонун айтып өттү. Кыргыз мамлекети менен Орусиянын мамилесин жакшыртуу максатында түзүлгөн фондду эки өлкөнүн башчылары жакшы ишке ашкан долбоор экенин белгилеп өтүшкөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү" мыйзам долбоору каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: