super.kg logo
  Саясат  

Орусиялык басылма "Кыргыз оппозиционерлери Батышка барып арызданды" деп жазды

 

Орусиялык басылма “Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Европарламенттин депутаттарына арызданды” деп жазып чыгышты.

2-майда Лента ру сайтына жарыяланган маалыматка таянсак, Европарламентте март айында билдирүү жасаганын Жээнбеков өзү тастыктаган. Билдирүүдө Жээнбеков Кыргыз мамлекетинин мурдагы президенттери Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да, азыркы президент Алмазбек Атамбаев да Орусиянын тандоосу менен бийлик башына келгенин айткан. Басылма Равшан Жээнбеков баштаган Кыргыз оппозиционерлери: Замира Сыдыкова, Чолпон Жакупова, Адил Турдукуловдор Евробиримдиктеги өлкөлөрдү кыдырып, Европарламент депутаттары жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушканын, анда "Кыргыз жеринде батышчыл талапкерлерге жетиштүү колдоо жок" деп арызданганын жазды.

Орусия Кыргыз экономикасынын түрдүү тармактарын көзөмөлдөй турганын белгилеген экс-депутат: “Жаратылыш газы, мунай, банк, телекоммуникация, миграция, ЕАЭБ, күч түзүмдөрү, аскердик базалар, атайын кызмат Москванын таасири алдында. Мына ушунун баары өлкөнү башкарууга таасир этүү”, - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: