Чоң-Алай районунун акими: "Жер титирөөдөн үйлөрдүн дубалы жарылып, айрым короо-сарайлар кулады"

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн зыян тарткандардын саны такталууда. Мындай маалыматты бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына Чоң-Алай районунун акими Жумадил Жапаров билдирди.
"Бүгүнкү катталган жер титирөө биздин райондун аймагында катуу болду. Жердин силкинүүсү райондун борборунан 45 чакырым узак аралыкта жайгашкан Жекенди айылында күчтүү катталды. Үйлөрдүн дубалы жарылып, айрым короо-сарайлар кулады. Адистер 5-6 баллга чейин жетти дешүүдө. Учурда райондук администрациянын кызматкерлери тиешелүү адистер менен биргеликте эл аралап жабыркоо, кыйроолор канчалык деңгээлде экендигин тактап жүрүшөт. Адам өмүрүнө зыян болгон жок", - деп билдирди райондун акими.
Маалыматка ылайык, райондун аймагындагы бала бакчанын балдары, мектеп окуучулары үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда жашоочуларга жер титирөөдөн сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, бүгүн, саат 10:50 чамасында өлкө аймагында жер титирөө катталды.




1 |