super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаарынын жолдорундагы аң-чөнөктөргө асфальт төшөлө баштады

 

30-апрелде окурман "Элдик кабарга" "Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан көчөлөрдөгү аңдарды топурак менен бүтөп жатышат" деп кабарлап, сүрөттөрүн жиберген. Бул суроого Ош шаардык Жол башкармалыгынын башкы адиси Улук Жаныбеков төмөндөгүдөй жооп кайтарды:

"Ал шагылдар жолду убактылуу кармап турганга эле төгүлгөн. Биз ошол Масалиев көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз, бир жума болуп калды. Азыр асфальт басылып келе жатат. Жолдорду асфальттап бүткөнгө чейин аң бойдон таштап койгонго болбойт. Аларга байкабай унаалар түшүп калбасын деп, убактылуу шагыл менен толтуруп жатышат. Кышында да шагыл төгүп турдук. Төгүлгөн шагылдарды катуу жамгыр агызып кетүүсү мүмкүн, эгер андай болсо, кайра толтуруп турабыз”, - деди.

Мэриянын маалыматына ылайык, быйылкы жылда жолдор башкармалыгы тарабынан 27 миң чарчы метр аң-чөнөк жамала тургандыгы пландалган. Жалпысынан шаарда 578 чакырым жол болсо, анын ичинен 513 чакырым жолдор башкармалыгына таандык. Ал эми калган 57 чакырым Транспорт жана жолдор министрлигине, калганы Кара-Суу районунун карамагында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.05.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук кыйратыпсынар бир жаанда жууп кетсе кайра тешик бойдон калат же суунун устунон смола куюп качественный кылдынарбы???Караколдун кочолоруно да келип сезондо эс алгыча бутоп кеткилечи биздин мэрия вертолет сатып алып учуп журот окшойт..центральный жолдорду корбой..
04.05.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Piligrim, кимдир бирөөнүн намысына шек келтирип, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: