super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов: "Жылдыз Мусабекованын жоругу бизди шок кылды"

 

Жогорку Кеӊештин депутаты Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы телефондон сөгүп, коркутканы интернетте кызуу талкууланууда. Коомчулук КСДПнын депутатын "чектен чыгып кеткен" деп күнөөлөп жатат.

Депутаттын жоругу парламенттин тийиштүү комитетинде же КСДП фракциясында каралабы? Бул боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин регламенти комитетинин жетекчилерине кайрылып, жооп алуу мүмкүн болбоду. Комитет мүчөсү Алтынай Өмүрбекованын билдиришинче, бул маселе комитеттин күн тартибинде жок.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Албетте, бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат" деген жооп узатты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: