SUPER.KG күндүн темасына айланган "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым..." ролигинин сырын билди
SUPER.KG күндүн темасына айланып, интернетте кызуу талкууга алынып жаткан "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым..." ролигинин сырын билди. Эксклюзивдүү маалыматты SUPER.KG`ге "Hackmee" тобунун өкүлү билдирди.
"Негизи Албарсты башка улуу эпос, жомок, уламыштар сыяктуу эле кыргыз элинин улуттук кенчи деп айтууга болот. Бул Египет үчүн мумия, америкалыктар үчүн Бугимен, румыниялыктар үчүн Дракула сыяктуу эле.
Алсак, Дракула үчүн жыл сайын 560 миӊдей турист Румынияны көрүү үчүн келет экен. Бул аталган өлкөнүн экономикасы үчүн эмне деген акча? Бирок дайыма эле андай боло берген эмес. Ал үчүн атайын фильм, мультфильмдер тартылып, ырлар ырдалган.
А биздин Албарсты алардан жаман да эмес, жадакалса мыкты. Эмне үчүн? Себеби ал ар кимге келиши мүмкүн, түрдүү образдарга айлана алат. Ал күчтүү, эч ким аны жеӊе албайт, ал өзү кааласа гана курмандыгын таштап кетет. Ал жөнүндө уламыштарды дээрлик элдин баары билет. Демек, биздин Албарсты да улуу жана күчтүү, андыктан Дракула, мумия жана башка чет өлкөлүк коркунучтуу каармандарга караганда, алардан да популярдуу боло алат. Ошон үчүн биз бул ирет Албарсты тууралуу фильм тартып, ал жөнүндө ырдап чыгууну чечтик. Ыр тамашалуу болгону менен фильм олуттуу", - дейт.
Албарсты мени басты, анан мен аны бастым...


ХХХ шашты.деп ырдабапсынарда биротоло))))))
Албарсты деген кепти эркек же жигитимже куйоом деп алмаштырса баары тушунуктуу, бирок ошол эле убакта ото ото ото уят. Биздин маданият министри каякты карап отурат?!! Анда эртен гей-лезбиянкаларды же Улуттук Банктын торагасы каалаган марихуананы рекламалап ырдап чыгышса боло берет экен да ээ!!
Кылмыш жообуна тарт
1. Алтынай Жайнакова.
2. Алия Шагиева
3. Эля Жедигер
4. Таттыбүбү Дөөталиева
5. Таттыбүбү Самидин кызы
6. Жылдыз Мусабекова
Эми албарстыны баскан кыздар... Аллаһ баарыбызга ыйман бере көр.
Аял деген эне болот, тарбиянын башаты болот...
Чёрный пияр тоже пияр дешет го, таанылышыптыр да элге 1 мүнөткө жетпеген видео менен дүң болуп, жок дегенде сөздөрүн ирээтке келтирип, ырдоо манераңарды да өзгөртсөңөр ой тескери жакка кетпестир беле, көрсөң, сөзүн уксаң түз эле ой уятка кетет экен.
Тарткандардында башы жок тооба кылдым ..
Уялгандын ордуна сыймыктанып жатышса керек ХХХ