Заргер айыл аймагынын башчысы: "Аюу айылында көчкү алдында калгандарды издөө иштери токтотулду"

Аюу айылында жер алдында калгандарды издөө, түшкөн жер көчкүнү казуу иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына Заргер айыл аймагынын башчысы Динмухаммед Бокошов билдирди.
"Аюу айылындагы жер көчкүнүн алдында калган адамдардын сөөгүн издөө иштери токтотулду. Бирок ошол эле учурда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү табылып калар деген үмүт менен, суранычтардан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынан бир нече адам казуу иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдирди Бокошев.
Эске салсак, буга чейин жакындарын жоготкон жергиликтүү тургундар маркумдарга жаназа окулгандан кийин "Бир туугандарыбызды кепиндеп көмө албай калабызбы" деген өкүнүчтөрүн айтышкан. Ал эми аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев "Жаназа окулуп калса эле сөөктөрдү издөө иштери токтоп калат деп ойлобош керек. Мүмкүн дале болсо топурак астында тирүүлөрү бардыр" деп билдирген.
Белгилүү болгондой, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Жыйынтыгында 24 жаран көчкү алдында калган.










1 |