Бишкектеги №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы коррупция тууралуу айтылды













Бишкек шаарындагы №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы бухгалтери Жамила Осмонова 9 миллион сомду мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алганын бүгүн, 3-майда аталган борбордун дарыгерлери маалымат жыйында билдирди.
Алардын айтымында, Октябрь райондук прокуратурасы бул боюнча иликтөө жүргүзүп, Осмонованын мыйзамсыз иштерин аныктап чыккан.
"Башкы бухгалтер 2013-жылдан 2017-жылга чейин атайын эсептик карточка ачып, ага ай сайын 200 миң сомдон акча которуп турган. Иликтөө иштеринде бул каражатты ал биздин социалдык фондго которула турган акчадан алып калганын айткан", - деди дарыгер, борбордун жамааттык кошуунунун башчысы Минара Кулматова.
"Менин 35 жылдык тажрыйбам бар, жогорку категориядагы врачмын. 10 миң сом айлык чыгат, 2000 сомун социалдык фондго деп алып калышып, колума 8000 сом алам. Биз жогорудагы коррупция тууралуу билгенден кийин социалдык фондго түшкөн акчабызды эсептеттик. Менин атымдан ай сайын социалдык фондго 200-300 сомдон гана акча которулуп турган. Эгер азыр пенсияга чыксам 900 сомдон акча алат экенмин", - деп билдирди дарыгер Гүлмира Азимкулова.
Дарыгерлер "сол чөнтөккө" кетчү каражаттарды башкы бухгалтер жалгыз өөнөбөгөнүн да кошумчалашты. Дарыгерлик борбордогу кайсы тармактар башкы бухгалтер менен башкы дарыгердин сол чөнтөгүнө каражат түшүрөрүн да ачыкташты.
"Биз прокуратура иликтеген бардык далилдерди алдык. Ай сайын кагазга жазылган жалпы маяна менен колго берилген маянанын суммасында 150 миң сомдон ашык айырмачылыктар болуп турган. Мунун баарына башкы дарыгер менен башкы бухгалтер кол коёт. Мындан тышкары борбордо 5 бөлмө ижарага берилет. Ал каражаттын деле кайда кеткени бизге белгисиз", - дешти дарыгерлер.
Алар башкы бухгалтер жана каражатты мыйзамсыз ыйгарууга катыштыгы бар тиешелүү адамдар кызматкерлердин акчасын кайтарып берүүсүн талап кылышты. Дарыгерлер белгилегендей, башкы бухгалтер Жамиля Осмонова 2002-жылдан тартып №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенип, жылдын башында гана жумуштан кеткен. Ал эми башкы дарыгерлик кызматта 2002-жылдан 2015-жылга чейин Анар Шакиева болгон.
"2015-жылы анын ордуна Бейшенбекова Жамиля келип, башкы дарыгерлик кызматты аткарып жатты. Бирок башкы дарыгерлер алмашкандан кийин деле акчаны мыйзамсыз ыйгаруу уланган. Учурда мурдагы башкы дарыгер Шакиева №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштейт", - деди Алмагүл Камчыбекова.



1 |