Бүгүн "Тамашоунун" жарым чейрек финалынын биринчи күнү аяктады
Бүгүн Спорт Ордосунда "Тамашоунун" жарым чейрек финалынын биринчи күнү аяктады. Жарым чейрек финалдын биринчи күнүндө "Тамадалар", "Ак кеме", "No name", "Бишкек", "Позитив", "Элестет", "Чүй", "Ысык-Көл", "Алтын сегиз" командалары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында калыстардын добушу менен 1-орунга "Тамадалар" , 2-орунга "Но нейм" жана 3-орунга "Ак кеме" командалары чыгышты. Ал эми эртең, экинчи күнүндө "Моника Беллуччи", "Ак Өргө City", "KG 77", "Nutsтан", "УКГ №5", "Кыргыз Двор", "40 Чоро", "5+1", "Талас" жана "Южная столица" командалары өз тамашаларын көрсөтүшөт.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.