super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

85 калктуу конуштарды бийик тоолуу жана шарты катаал аймактардын катарына киргизүү боюнча долбоор даяр болуу алдында турат

 

Кыргыз өлкөсү боюнча бийик тоолуу жана шарты катаал аймактардын катарына кирбей калган 85 калктуу конуштарды аталган тизмеге киргизүү боюнча долбоор даяр болуу алдында турат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова SUPER.KG порталына бүгүн, 3-майда билдирди.

“Аталган долбоор вице-премьер министрдин дагы талкуусунда болду. Бирок бул жерде жалгыз биздин министрлик эле эмес, ведомстволор аралык комиссиялары да бар. Долбоорду комиссия карап чыкса, Каржы министрлиги кетүүчү каражатты эсептеп чыкты. Эми ал министрликтер аралык макулдашууга жөнөтүлөт, Каржы министрлигинен эсеби алынып, анан өкмөттүн порталына элдик талкуу үчүн жайгаштырылат. Каржы министрлигинен так эсепти алсак эле, долбоор даяр болот”, - деп билдирди Зууракан Каденова.

Белгилей кетсек, Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылы бийик тоолуу аймактарга кирбей калып, 2016-жылы ноябрь айында мектеп мугалимдеринин айлык акысы кыскартылган. Алар айлык акыларын кайрадан көтөрүү талабы менен 24-апрелде эки саатка иш ташташкан. Буга байланыштуу, Билим берүү министрлигинин өкүлү мектептин директоруна сөгүш берген. Бирок Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова алардын талабы жерде калбасын айтып, Семиз-Бел айылы 85 калктуу конуштардын тизмесинде экенин билдиргенине 1 айдан ашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: