super.kg logo
  Саясат  

Орусия Кыргыздын 240 миллион доллар карызын кечти

 

Орусия Кыргыздын 240 миллион доллар карызын кечти. Тийиштүү жарлыкка Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кол койду. Маалыматты орусиялык басылмалар 4-майда жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, протоколдун долбоорунда 2017-жылдын 30-мартына карата Кыргыздын Орусиядан алган карызынын суммасы 240 миллион доллар экени көрсөтүлгөн. Анда тышкы карызды кечүү Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө жардам берүүнүн алкагында жүрүп жатканы белгиленген. Документке кол коюлуп, ал күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын карызы толугу менен жоюлат.

Буга чейин 2016-жылдын июнь айында Орусия Кыргыздын 30 миллион доллар карызын кечкен. Ошол мезгилде КРнын Орусияга болгон тышкы карызынын суммасы 270 миллион доллар болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: