super.kg logo
  Спорт  

Бишкек шаарында Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча турнир өтүп жатат

 

Бүгүн, 3-май күнү Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында 9-Май - Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча турнир өтүп жатат. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы билдирди.

Федерциянын айтымы боюнча, мелдеш Жеңиш күнүнө карата уюштурулуп азырынча тайпалык баскычтар өтүп жатат. Анда 11 команда 4 тайпага бөлүнгөн.

Биринчи турдун алкагында, "А" тайпасынын алгачкы оюнунда, Ош шаарынан келген "Достук" командасы "Көк-Жал" менен оюн жүргүзүп 16:2 ири эсебинде жеңишке жетти.

"Биримдик Аю" командасы "D" тайпадa ойноп "Аффият" командасын 27:3 эсебинде жеңди. Бул жеңиш "Биримдик Аю" командасына жарым финалга ойногонго мүмкүнчүлүк берди.

Тайпалык беттеш бүткөн соң, тайпасында 1-орун алган командалар жарым финалга чыгат.

Финалдык беттештер 9-май күнү өтөт.

1-турдун жыйынтыгы:

"Көк-Жал" 2:16 «Достук» "Төш-Булак" 3:22 "Ынтымак" "Ак-Суу" 1:6 "Бөрүлү" "Аффият" 3:27 "Биримдик Аю"

Эске салсак, турнирдин "А" тайпасында "Көк-Жал", "Кара-Балта", "Достук" командалары;

"B" тайпасында: "Төш-Булак", "Мурас", "Ынтымак" командалары;

"C" тайпасында "Ак-Суу", "Арашан", "Бөрүлү" командалары;

"D" тайпасында "Аффият", "Биримдик Аю" командалары жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: