super.kg logo

Кыргызды даңазалаган, орус актёру Александр Головин башкы каармандын образын жараткан "Кош келиңиз" тасмасынын бет ачары сюрприз менен коштолду

 
Александр Головин жана аны коштоп келген кыз
Фильмде роль жараткандар жана бет ачардын коноктору
Медербек Жалилов эл алдында сүйүктүүсүнүн колун сурап жаткан учуру
Тасмадан кадр

Кыргыз мамлекетин даңазалаган "Кош келиңиз" тасмасы бүгүн, 3-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Ага белгилүү эстрада жылдыздары, актёрлор жана башка маданият өкүлдөрү катышышты.

Бет ачар сюрприз менен коштолду. Анда фильмдин режиссёру Медербек Жалилов калың элдин алдында сүйүктүүсүнүн колун сурап, макулдугун алды. Бет ачарга келген көрүүчүлөр залга батпай, аягында тартуучу топту жана актёрлорду кол чаап кубатташып, тасманы жылуу кабыл алышты. Салтанаттуу иш-чара ырчы Аяна Касымованын сахнадагы чыгармасы менен жыйынтыкталды.

Белгилүү ырчы Самат Дөөлөтбаков фильм тууралуу: "Кинодо "Маш ботой" күүсүнүн жаңырышы, Кыргыз жеринин кооздугунун чагылдырылышы жана башка көрүнүштөр жакты. Александр Головиндин тасмага тартылганы биздин өлкөбүздү орус элине дагы жакшы жактан таанытат. "Кош келиңиз" кыргыз элинин жөнөкөйлүгүн, кичи пейилдигин көрсөткөн, патриоттуулукка үндөгөн мыкты тасма болуптур", - деген оюн билдирди.

Кинокомедияда Нью-Йорктогу ири компаниянын ээси өзүнө жакпаган болочок күйөө баласынан кутулуу үчүн ага туристтик жолдомо алып берип, Кыргыз мамлекетине жөнөтөт. Анын кайра кайтып келбеши үчүн артынан дасыккан киши өлтүргүчтү жиберет. Ошентип Кыргыз жеринин кооздугуна көзү тойбой эс алып жүргөн Александрдын өмүрүнө коркунуч туулат.

Тасмада башкы ролдордо Александр Головин, Бектемир Мамаюсупов, Азат Кусеинов жана башкалар ойношкон.

Белгилей кетсек, аталган фильмде орус актёру Александр Головин башкы ролду жараткан. Ал бүгүнкү журналисттер менен болгон жолугушууда Кыргыз мамлекетинин меймандостугун, улуттук суусундугун жактырганын билдирген. Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсүнүн башка аймактарына дагы саякат жасап, эс алып кетүүнү пландап жатканын, кыргызча "базар жок" деген сөздү үйрөнүп алганын айткан.

Тасма 4-майдан тарта өлкөбүздөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.






Аяна Касымова тасмадагы ырын аткарды

Туризмди өнүктүрүүгө багытталган "Кош келиңиз" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.05.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы
04.05.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкты актер кичинесинде Ералаж киножурналында соонун аткарчу..Головин..
04.05.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ийгилик
04.05.2017. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадетсво деген сериалда сонун ойногон .молодцы кутобуз .кинотеатрлардан
04.05.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Своличи деген кинодо эн мыкты ойногон кадеттендагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: