super.kg logo

"Керемет көч" көрсөтүүсүндө үн коштогон Адеми Кулмамбетова: "Мени мектепте Акылай деп чакырышчу"

 
Адеми Кулмамбетова
Адеми Кулмамбетова
Эмил Эсеналиев
Самат Эркинбек уулу
Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу

Бүгүн, 3-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Керемет көч" көрсөтүүсү 10 жылдыгын белгиледи. Анда Акылайдын үнүн коштогон Адеми Кулмамбетова 9 жашынан тарта мультфильмде үн коштоп келе жатканын айтат.

"Мен алгач сынакка келгенде өтөм деп ойлогон эмесмин. Жок дегенде экинчи ролдогу каармандарга үн коштосом деп кыялданган элем. Кийин мени баш каармандын үнүн коштоого алышты. Алгач улуулар каармандар менен кандай иштөө керектигин үйрөтүшкөн.

Мектепте мени Акылай деп чакырышчу, азыр университетте "Керемет көч" долбоорунда иштегенимди билишпейт", - дейт Адеми Кулмамбетова.

Ал борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде лингвистика факультетинде окуп жатканын, келечекте өзүн актриса катары көрө албасын кошумчалай кетти.

Ал эми Актан, Акылайдын образы аркылуу көпчүлүккө таанылышкан "тамашоучулар" Эмил Эсеналиев менен Самат Эркинбек уулу бир ооздон көрсөтүү алардын чыгармачылыгына оң таасирин тийгизгенин айтышты.

"Керемет көчтүн" 10 жылдыгы кут болсун! Бул көрсөтүү биздин чыгармачылыгыбызга жакшы таасир эткен. Эң алгач эл алдына Актан, Акылайдын ролун ойноп чыкканбыз. Азыр да көпчүлүк ошол тамашаларды аткарып берүүбүздү суранышат. Андыктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, долбоордун жаратуучуларына ыраазычылык билдирип, мындан ары да көп ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз", - дейт Самат Эркинбек уулу.






"Керемет көч" көрсөтүүсү бөбөктөргө көрсөтүлдү. 03.05.2017.

"Керемет көч" 10 жашта

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
03.05.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адеми жакшына кыз экен атына заты жарашкан тилеген максаттарына жет
03.05.2017. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн жакшы мултьфилим маша медведь дегенге караганда жакшы тарбиялык жагы
04.05.2017. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulan2601,маша медведь коргон бала бей баш болот,бир таанышымдын кызы корот. Апасы да тарбиялуу кызыктуу же хотя бы тамгаларды уйротуучу мультик коргозбойт! Кичине ыйласа эле телефонду кармата калат, ушул да болмок беле?! Анан да маша дайым бей баштык кылат анын кызы да ошону жасайт. Бир соз менен айтканда балага жашынан конул бурбаса чонойгондо соз укпай, тоготпостук кылганда кейибегиле, анткени конул коштук кылганынар ошол!
03.05.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сулуу кыз экен
03.05.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграмдан кантип табам Адемини?
Ким билет?
04.05.2017. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин балдарды кочодон уйго киргизиш учун Актан,Акылай болуп жатат деп чакырат элем,балам эки жашында коруп жатып бутуп калса дагы кой деп ыйлайт эле,азыр да корушот эжеси экоо
04.05.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор жана супер инфо ушул мультфильм буткондо гулнур сатылганова ырдайтко ошо ырды кайсы жактан тапсак болот?
04.05.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпаган жерлери да бар. ;-) Коделекти адам баласынан акылдуу кылып койгон???
05.05.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mr.cana,Арабызда ошо кодолектенда акылсыз адамдар бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: