super.kg logo

Өкмөттө Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына ай сайын төлөнүп туруучу акчалай компенсацияны көбөйтүү маселеси айтылды

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова 3-майда Чернобыль ардагерлеринин бирикмесинин президенти Кадырбек Сасыкулов жана коомдук бирикменин мүчөсү менен жолугушту.

Жолугушууда Чернобыль атомдук электростанциясы кырсыгынын 30 жылдыгы жана радиациялык авариядан курман болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар планын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Чернобыль атомдук электростанциясынын кырсыгынын 30 жылдыгына карата 1223 мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 30000 сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөндү. Кырсыктын 122 катышуучусуна 20000 сомдон, 250 катышуучунун үй-бүлөлөрүнө жана каза болгон майыптарга 20000 сомдон төлөндү.

"Чернобыль кырсыгы совет элине ири кайгыны алып келди жана бүт дүйнөнү сестентти. Эскерүү күнүнөн тышкары дагы келечектин коопсуздугу үчүн атомдук коркунуч менен күрөшүүнүн күнү болуп саналат. Сиздер өмүрүңүздөрдү тобокелге салып башка жарандардын ден соолугу, жашоосу үчүн аскердик жана жарандык милдетиңиздерди аткардыңыздар. Сиздердин көзү өтүп кеткен замандаштарыңыздардын жаркын элеси, адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө ден соолук, бакубаттуулук жана ийгиликтерди каалайм. Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына жана майыптарына мыйзамга ылайык бардык колдоо көрсөтүү чараларын аткарабыз", - деп билдирди Чолпон Султанбекова.

Өз кезегинде Кадырбек Сасыкулов ай сайын төлөнүп туруучу акчалай компенсацияны көбөйтүү, Чернобыль окуясына катышкан майыптар үчүн социалдык турак жай куруу, Ысык-Көл жээгинде аларды медициналык реабилитациядан өткөрүү, ошондой эле Чернобыль кырсыгын жок кылууга катышкандарды эскерүү китебин чыгаруу сыяктуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюучуларга мындан ары да көмөк көрсөтүлөрүн билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында вице-премьер-министр тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү структуралык бөлүмдөрүнө белгиленген маселелерди кароону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
04.05.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы койтуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: