super.kg logo

Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн карамагындагы "Семетей" аскердик мейманканасы сатылып жатканы айтылды

 

Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн коомдук кеңешинин мүчөлөрү "Семетей" аскердик мейманканасынын сатылышына каршылык билдирип бүгүн, 4-майда маалымат жыйын өткөрүштү.

"Биз Куралдуу күчтөрдүн коомдук кеңешинин мүчөлөрү "Семетей" аскердик мүлктүн сатылышына каршыбыз. Мындан улам биз бийлик башындагыларга маалымат жеткирүү максатында жыйын өткөрүп жатабыз. Ал тургай өлкө башчысына, шаар мэрине кайрылуу жасап жатабыз. Ал мейманканада чет элден келген аскердик сыйлуу коноктор кабыл алынат. Мында аскердик поликлиника бар. Жакында эле учак кырсыгында жабыркагандар көп убакытка жашашты. Бул мейманкана мамлекетке кызмат кылып жатат", - деди Анвар Сартаев.

Маалыматка ылайык, быйыл Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 25 жылдык юбилейи белгиленет.

"Биз куралдуу күчтөрдүн мүлктөрүн сата берсек Эл аралык деңгээлибиз төмөндөп кетет. Мүлктөрүбүз сатыла берсе мекенди ким коргойт? Мындай аракеттер билинбеген менен коопсуздугубузга доо кетет", - деди коомдук кеңештин мүчөсү Кубат Кожоналиев.

"Биз миңдеген ардагерлердин атынан өлкө башчыларына кайрылабыз. Ошондой эле сатууга каршы чыккан демилгелүү топту Сапар Исаков жана башка өлкө тагдырын чечүүчүлөр кабыл алышын суранат элек", - деди Баткен согушунун ардагерлеринин төрагасы Сатыбек Молдалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.05.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мдааа.... Сат сат сат. Акыры келип ХХХ сат ...
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-04 11:16:26
04.05.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
tynara81, этика нормаларын сактаңыз.
04.05.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми жон эле кетпей бир аз тыйын кылып кетейин деп аткан го?
04.05.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусия 270 миллион олконун карызын эч нерсе албай эле кечип койдубу ошондо же жен ичинен бир нерсе сатыштыбы???билбейм баарын сатып аягында элди сатып жибербесенер болду...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: