super.kg logo
  Саясат  

Шаардык сот Садыр Жапаровду 28-майга чейин камакта калтырды

 
Садыр Жапаровдун адвокат Шарабидин Токтосунов

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын узартуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 2-апрелде ал колу жана моюну кесилген абалда табылган, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 13-апрелде Жапаров кайрадан Бишкектеги №1-тергөө абагына которулган. 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: