super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутат: "Жер көчкүдөн каза болгондорго байланыштуу жоопкерчиликтен качуунун оңой жолу өздөрү көчүшкөн жок деп аларды күнөөлөп коюу"

 

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн Өзгөндөгү кырсык тууралуу маалыматын угууда. Анда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко жарандарды кооптуу аймактардан көчүрүүдөгү кемчиликтер тууралуу айтып "Алдын ала анализ жүргүзүп, жарандар эмне үчүн өз убагында башка жакка көчпөгөнүн аныкташ керек", - деди.

Эл өкүлү Кыргыз Республикасынын аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар көп экендигин белгилеп өттү.

"Кыргыз жараны катары мени бүгүнкү талкуу таң калтырууда. Өкмөт, жергиликтүү бийлик өлкөнүн 90 пайызын тоолор ээлегенин, сейсмологиялык, жер көчкү түшүүчү аймактар калк үчүн кооптуу экенин эми гана билип жаткандай сыяктанып жатат. Кыргыз жарандарынын саны көбөйүп жатат. Муну менен жерлерди бөлүштүрүп берүү, элди жайгаштыруу маселеси жаралат. Бул бир канча жылдан бери келе жаткан көйгөйлөр. Азыр жоопкерчиликтен качуунун эң оңой жолу - жарандар өздөрү көчүшкөн жок деп аларды күнөөлөп коюу. Бул туура эмес. Жарандар салык төлөп жергиликтүү бийликти, парламентти камсыздап турушат. Ал акча үчүн техника сатып алынып, өз убагында түшүндүрүү иштери жүрүшү керек. 200 миң сом менен көчүү тууралуу кагазды берип коюу кыйын эмес. Депутаттардын бирине же чиновниктерге 200 миң сом берип өзүң үй салып ал, үй салып жатканда ушул эле акча үй-бүлөңдү багып тур деп көрбөйлүбү. Бул сумма аз болушу ыктымал. Алдын ала анализ жүргүзүп, жарандар эмне үчүн өз убагында башка жакка көчпөгөнүн аныкташ керек", - деди Наталья Никитенко.

Ошондой эле Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү астында калган 3 үй-бүлөгө гана эскертүү берилгенин кошумчалады.

ӨКМнын өкүлүнүн айтымында, жер көчкү болгон жердеги 11 үйдүн 7өө мыйзамсыз курулганы аныкталган. Мындан сырткары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү акыркы жолу барганда алар жазуу түрүндө көчөбүз деп жазып беришкенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
04.05.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми бул аныктагыча качан олгон олду кеткен кетти....дароо жардамдарын баштаса ылдам..Дача Суулуктарды да кайдыгер калтырбай
04.05.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Былжыраган окмот болду, Тооба! Итиркейинди гана келтирип суйлошот окмот чиновниктери, тарсылдап иш жасаган адамдар качан келет? Качан гана нормалдуу президент келгенде,кырсык болгон жерге озу чуркап барып турганда, элге куйгон чыныгы патриот Адам олкобузду башкарганда баары Оз убагында бутот!!!
04.05.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушулар уктап отуруп чочуп ойгонгондой суйлошот да..воопще суйлобой эле койгулачы...
04.05.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наталья,вы правы.
05.05.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni., портал кызгыз тилинде болгондуктан , кыргызча жазууну сунуштайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: