Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары милициянын коштоосунда жөө жүрүш жасашты (фото)





Бүгүн, 4-майда Базар-Коргон районунун Акман айылында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин боштондугун талап кылып, митингге чыккан тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты. Маалым болгондой, Акманда 200гө чукул адам чогулган, митингге катышуу үчүн коңшу айылдардан келип кошулуп жатышты.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.
9-мартта Текебаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, аны 2 айга (2017-жылдын 25-апрелине чейин) камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан аркы баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылган. Мындан улам 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырган.
Бүгүн, 4-майда саат 16:00дө Бишкек шаардык соту Текебаевдин баш коргоо чарасын узартуу боюнча райондук соттун чечимин карамакчы.







1 |