super.kg logo

Ак-Сууда катуу кар жаап, чөп түгөнүп 29 баш кой, 2 баш уй өлдү. Малга чөп алып келем деп кеткен киши кырсыкка кабылып каза болду

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда катуу кар жаап, чөп түгөнүп 29 баш кой, 2 баш уй өлдү. Малына чөп алып келем деп кеткен киши кырсыкка кабылып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелден 30-апрелге караган түнү Ак-Суунун Ак-Чий жана Боз-Учук айыл аймактарына тиешелүү кыштоолорунун жайыт жерлеринде 1 метрге чейин жеткен кар жаап, Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна баруучу жолунда кар күрткүлөрү пайда болгон. Унаа жолу бир каттамга ачык болуп, бирок унаалар жүрүүгө оор абалда, кыштоодогу малчыларга чөп алып барууга кыйынчылыкты жараткан.

Кардын калың жааганына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, тоодон кар көчкү түшүп, 5 баш жылкы кар көчкүнүн алдында калган.

Ошондой эле 2 жергиликтүү тургун ГАЗ-66 унаасы менен чөп алып баратып, жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алган. Каза болгон адамды райондук өлүкканасына жана жабыркаган адамды ооруканага "Тез жардам" унаасы жеткирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
04.05.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оо кудаай саар эле канча мал олду эле таш басып, деги эмне болуп баратат КЫРГЫЗСТАН
04.05.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
олгонго мал болсун оло берсин адамдарга жалко болуп жатат
04.05.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахтын эскертүүсү. Ошентседа кыргызым моюн бербей келе жатат.
Зекет берейин деген эч ким жок. Бирөөнү ойлобой жалаң "өзүм" деп калдык. Бирөөнү алдамай,тономой,зордомой,өлтүрмөй кадимки эле көрүнүш болуп калды.
04.05.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LEGENDA.,туура айтасың,элдин пейили бузулду.
04.05.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксуу каякта? Май келип калса да 1 метрлеп кар жаап атса.Кудай сактасынчы баарыбызды.
04.05.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак-суу районунун тоо этектеги кыштоолоруна кар калын жаап анан кар кочку тушуп басып калыптыр ал жакта дале кыш кар тоолордо кете элек..быйыл кыштын мойну узун болду.. малдар олсо олсун.жакшы мал жанга аралжы адамдар боодо олуп жаман болуп жатат быйыл кыштан боинг кырсыгынан бери коп жоготуу болду..сак бололучу кудай сактасын,эл жерди..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: