Алмамбет Шыкмаматов Өзгөндө жер көчкүдөн каза болгондорго 2-3 күн мурда эскертүү берилгенине ишенбей турганын айтты
Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн Өзгөндөгү кырсык тууралуу маалыматын угууда. Анда "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов жер көчкүдөн каза болгондорго 2-3 күн мурда эскертүү берилгенине ишенбей турганын айтты.
"Маалымат каражаттарында жакындарын жоготкон адам ыйлап, жергиликтүү бийликтегилер жер көчкү болот деп айтпаганын билдирип жатат. Мен жеке ошол адамга ишенем. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү, президент эскертүү берилди деп туура эмес маалымат берип жатышат. Бул боюнча Башкы прокуратура тарабынан текшерилиш керек. Эртең башка аймакта жер көчөт, үйүңөрдү басат десе адамдар "өлсөк өлөлү" деп жата бермек беле? Ошондуктан 2-3 күн мурун эскертүү болгон дегенге мен жеке ишенбейм. Баягы эле кайдыгерлик, шалаакылык мамиле болгон. Ал жерге келип массалык түрдө көчүрүш керек эле. "6 ай мурун ссуда бердик" деп документтерди иреттеп койдуңар. Жылдын башында авиакырсык болду. Кантип акжолтой өкмөт болдук деп айтасыңар? Силерди атайын кылды деп күнөөлөбөйбүз, бирок кайдыгерлик мамиле болгону көрүнүп турат. Каза болгон адамды күнөөлөгөндү токтотолу, арбагын сыйласак", - деди депутат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Бири бирине куноону койбой
Эми кочкуло деп Окмот жер болуп бербесе эл кайда кочот, айтчы, Кой-Ташка, Арашанга кочушсунбу байкуш эл?!!