Бишкектеги Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү митинги өткөрүлдү










Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сөөктөрү коюлган көрүстөндө эскерүү митинги өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ошондой эле кыргыз жериндеги Орусия, Казакстан, Өзбекстан,Молдова, Беларус өлкөлөрүнүн элчилери жана шаардык кеңештин депутаттары катышышты.
"Митинг курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң шаар мэри катышуучуларды келе жаткан улуу жеңиштин 72 жылдык мааракеси менен куттуктап, каалоо-тилектерди айтты. Жыйынтыгында эстеликке гүлчамбарлар коюлду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

