Улуттук гвардиянын алдындагы атайын багыттагы "Пантера" бригадасынын түзүлгөнүнө 24 жыл болду

Улуттук гвардиянын алдындагы атайын багыттагы "Пантера" бригадасынын түзүлгөнүнө 24 жыл болду. Буга байланыштуу өткөн иш-чарага барган борбордогу Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев куттуктады. Бул тууралуу 4-майда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын багыттагы бригаданын жоокерлери барымтага алынгандарды бошотуу, террорчулардын лагерлерин жок кылуу, парашют менен секирүү боюнча аскердик даярдыктарын көрсөтүштү.
Белгилүү болгондой, "Пантера" бригадасынын тарыхы 1992-жылдын апрель айынан башталат. Анда Ленин районунун мурунку аскердик комиссариатынын алдында атайын багыттагы батальон түзүлгөн. Июнь айына чейин жеке курамга жоокерлер алынган. 1993-жылы апрелде даярдыктан өткөн жоокерлер биринчи жолу парашют менен секиришкен. Улуттук гвардиянын 714 аскер бөлүгүндө гана Куралдуу Күчтөрдүн аскердик-десанттык даярдыктары жүргүзүлөт.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.