Кыргыз өлкөсү БУУга карыз болбогон 39 мамлекеттин катарына кирди
Кыргыз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюмуна карызы жок 39 мамлекеттин катарына кирди. Мындай маалыматты бүгүн, 4-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматта жазылгандай, кечээ, 3-майда БУУнун штаб-квартирасында Башкы Ассамблеясынын отуруму өткөн. Анда БУУнун башкы катчысынын менеджмент маселелери боюнча орун басары Юкио Такасу карызы жок 39 өлкөгө ыраазычылык билдирген.
"БУУнун бюджетине төлөмдөрүн мөөнөтүнөн кечиктирбей, толугу менен төлөгөн өлкөлөрдүн катарына Кыргыз мамлекети биринчи жолу кирип жатат. 2016-жылдын октябрь айында Кыргыз өлкөсү БУУнун бюджетине карыздарын толугу менен төлөгөн. Кыргыз мамлекети менен катар бул тизмеде Австралия, Канада, Кытай, Дания, Финляндия, Германия, Индия, Италия, Япония, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Сингапур, Испания, Швеция жана Швейцария бар", - деп жазылат маалыматта.


даагы коментарини аччык кылып койуптурсуздарго саясаттын теемалары жабык болчеле
карыз экен деген теема болсо жабык болсо керек эле