super.kg logo

Бишкекте 500гө жакын окуучунун катышуусунда "Эскерүү шамын жагабыз" акциясы өткөрүлдү (фото)

 

Бүгүн, 4-майда Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгына арналган "Эскерүү шамдарын жагабыз" акциясы өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Ардагерлер кеңешинин демилгеси менен өткөн митинг-реквиемде 500гө жакын мектеп окуучусу жана мугалимдер Абдрахманов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Дайыр Асанов атындагы жеңиш паркына чейин тууларды көтөрүп жөө жүрүшкө чыгышты.

Жеңиш паркында Ардагерлер кеңешинин төрагасы Сталбек Асакеев, Беларусь өлкөсүнүн Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинин кеңешчиси Сергей Иванов, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков жана Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын оперативдүү чек ара тобунун өлкөбүздөгү төрагасы Владислав Земцов Улуу Ата Мекендик согушту эскеришип, жаштарды баатырлардын эрдигин унутпоого, патриоттуулукка чакырды. Ошондой эле катышуучуларга концерттик программа тартууланып, анда согуш тууралуу көркөм ырлар окулуп, ырчылар чыгармаларды аткарышты.

Иш-чара Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башка коноктордун Даңк монументине гүл, шамдарды коюу менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.05.2017. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы,эскерген эн жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: