Сооронбай Жээнбеков "Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис" долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда "Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис" долбоорунун ишке ашуусу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Легпром” ассоциациясынын президенти Сапар Асанов билдиргендей, технополис идеясын ишке ашыруу процесси 12 жылдан бери созулууда. Анын айтымында, “Технополис” долбоору үч этап менен ишке ашат жана тигүү, кездеме ишканаларынын продукцияларынын көлөмү 30 пайыз жогорулайт.
Маалым болгондой, бул долбоордун ишке кирүүсү менен кошумча дагы 10 миң жумушчу орундары түзүлөт. 40 гектар аянтты түзгөн жер тилкеси Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык аймагынан 49 жылга ижарага берилет. Ал жерде 20дан ашык жеңил өнөр жай ишканалары орун ала алат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөт долбоордун ишке ашышын толук колдоорун айтып, ал кошумча иш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталганын баса белгиледи. Ошондой эле долбоор жакын арада ишке ашарын билдирди.
Мындан сырткары Өкмөт башчы өндүрүштүн жаңы стандарттарын киргизүү жана кыргыз тигүү продукциясынын атаандаштыгын жогорулатуу маанилүүлүгүн белгиледи. Сооронбай Жээнбеков ата мекендик жеңил өнөр жай продукциясы бир гана ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн базарларын камтыбастан алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин базарларына да кириш керек деди.
Кеңешменин жыйынтыгы менен "Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис" долбоорун ишке ашыруунун концепциясы жактырылды.





1 |