Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн кийин мектептерде окуу убактылуу токтотулду
Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн кийин мектептерде окуу 10-майга чейин убактылуу токтотулду. Мындай маалымат 4-майда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын катышуусундагы жыйында белгилүү болду.
Анда жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандар көрсөтүлүп жаткан жардамдар боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрлигинин отчёту угулду.
Маалым болгондой, Чон-Алай районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен 17 мектеп жана 14 бала бакчада майда жарака кеткен. Аталган билим берүү мекемелеринде окуу процесси 10-майга чейин токтотулду. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан райондогу жабыр тарткан билим берүү мекемелерине жардам көрсөтүү боюнча жумушчу тобу түзүлөт. Мындан сырткары жер көчкү болгон Аюу айылындагы Б.Тешебаев атындагы мектепти жабуу тууралуу чечим кабыл алынганы айтылды. Мектеп окуучулары 3 турак үйдө эки сменада окутулууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылында мобилдүү клиника иштеп жатат, үч дарыгер 160 оорулууну кабыл алган. Бүгүнкү күндө Аюу айылынын тургундарынын ичинен 9 жаран ооруканадан чыгарылды, 6 адам стационардык дарыланууда, 1 жаран оор абалда инсульт диагнозу менен жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылында орун алган жер титирөөдөн кийин Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жараксыз абалга келип, оорулууларды кабыл алуу имараттын 2016-жылы салынган ашканасында убактылуу жүргүзүлүүдө. Азыркы кезде Сары-Бээ айылында Үй-бүлөлүк медицина борбору 3 дарыгер, 4 медайым жана 1 фельдшер штатында иштеп жатат. Майлуу-Суу шаардык ооруканасында дарыгерлер бригадасы түзүлүп, жеринде медициналык жардам көрсөтүлүүдө.



1 |