super.kg logo

9-майда саат 8ден тарта Байтик баатыр көчөсү жабылат

 

9-майда өтө турган "Өлбөс полк" майрамдык жүрүшкө байланыштуу Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Орто-Сай айылына чейин транспорттук каражаттар үчүн саат 8ден 10:30га чейин жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

"Саат 10дон 12ге чейин Байтик баатыр көчөсүнүн Аалы Токомбаев-Михаил Фрунзе көчөлөрүндөгү аралыгында унаалар үчүн чектөө киргизилет. Бул аралыкта чектөө этабы менен жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Өлбөс полк" 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү ири эл аралык акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтүшөт. Былтыр бул жүрүшкө нөшөрлөп жааган жамгырга карабай катышкандардын саны 10 миңден ашкан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: