Тажикстанда ашыкча салмактагы милиция кызматкерлери жумуштан алынды

Тажикстандын ички иштер министринин койгон талабынан кийин ашыкча салмактагы милиция кызматкерлери жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
5 ай мурда министр милиция кызматкерлеринен тиешелүү нормаларга ылайык арыктоону талап кылган. Андан бери кызматкерлердин айрымдары 5 килограммдан 20 килограммга чейин салмак ташташканы жазылат маалыматтарда.
Берилген убакыттын ичинде ашыкча салмактан арылбаган 10 тартип коргоочулары иштен алынганы маалым болду. Мындан сырткары 100дөй тартип коргоочуга эскертүү жана арыктоо үчүн убакыт берилди. Нормага ылайык, бою 1,68-1,70 сантиметр болгон милиция кызматкеринин салмагы 75 килограммдан ашпашы керек.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Тажикстанда 20 жаштан жогору курактагы эркектердин 31,2 пайызы жана аялдардын 30,5 пайызы ашыкча салмакта.













1 |