ЖЫЛНААМА, 5-МАЙ: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоонун эл аралык күнү
Бүгүн, 5-Май - Майыптардын укугун коргоонун эл аралык күнү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо, аларды ишке орноштуруу сыяктуу маселелерге көңүл буруу максатында негизделген бул майрам 1992-жылдын 5-майынан баштап белгиленип келет. Ал күнү Европадагы 17 мамлекет физикалык, психикалык жактан чектөөлөрү болгон адамдарды дискриминациялоого каршы жана алардын укугун коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүшкөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө 1 миллиарддан ашуун адам майыптуулуктун кайсы бир түрүнөн жабыркайт. Алардын 100 миллиондон ашууну - балдар.
2006-жылы 13-декабрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясына кол коюлуп, ал 2008-жылы 3-майда күчүнө кирген.
5-майга карата жылнаама.



1 |