super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз элин Конституция күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 5-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз элин Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин Конституциясы кабыл алынган. 20 жылдын ичинде Баш мыйзам авторитардык - үй-бүлөлүк режимди чыңдоо максатында бир канча жолу оӊдолуп, натыйжада коом ичинде Конституциянын кадырын кетирген. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Андан берки өлкөбүздөгү орошон өзгөрүүлөр, мамлекетибиздин улам бекемделиши жарандардын Баш мыйзамга, мыйзамдуулукка ишениминин кайтарып, Конституцияга, өлкөнүн эгемендигине, мамлекетибизге сый-урмат мамилени жаратты. Бул кыска убакытта Кыргыз Республикасы өнүгүү жолунда ондогон жылдарга тете белести басып өттү. Бул жетишкендиктерди биз 2016-жылы декабрдагы референдум аркылуу бекемдедик. Ошентип мындан ары бизде кимдир бирөөнүн чексиз бийлигинин орношуна жол жабылды. Өлкөдө бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды. Азыркы Баш мыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөрчү болот", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: