super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 5-МАЙ: Экс-министр Алиясбек Алымкулов 46 жашка чыкты

 

Мурдагы Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов 46 жашка чыкты. Ал 1971-жылы 5-майда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында жарык дүйнөгө келген. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин, 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатия академиясын бүтүргөн. 1989-1991-жылдары советтик армияда аскердик кызматын өтөгөн.

1992-1997-жылдары Орусияда жеке ишкердик менен алектенген. Ал эми 2004-2007-жылдары "Буудай" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчынын орун басары, 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын “Трубалык металлургия компаниясы” жабык акционердик коомунда расмий өкүл, 2008-2010-жылдары "Эл Газ КДЖ" жоопкерчилиги чектелген коомунда директорлор кеңешинин жетекчиси болгон.
2010-жылдын 19-мартынан 14-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министринин милдетин аткаруучу, 2010-жылдын 14-июлунан 2011-жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министри, 2011-жылдын 30-декабрынан 2012-жылдын 20-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри, 2012-жылдын 20-февралынан 2014-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри болгон. Ал эми 2016-жылы 22-июнда Алиясбек Алымкулов Кыргыз Республикасынын Алматыдагы башкы консулу болуп дайындалган.
5-майга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: