super.kg logo

Өкмөт Конституция күнүнө карата мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө салымын кошкон активисттерди куттуктады

 

Бүгүн, 5-майда өкмөт аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев Конституция күнүнө карата мамлекеттүүлүктү чыңдоого жана өнүктүрүүгө салымын кошкон активисттерди куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Сиздер сыяктуу адамдар бар үчүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизи бекемделип, жарандык коом институту өнүгүп, өсүп келе жаткан муун патриоттук сезимде тарбияланууда. Республикага кошкон салымыңыздарды эске алуу менен, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Конституция күнү менен куттуктайт. Өкмөт башчысынын атынан сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге жана кыргыз элинин, жалпы өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн баштаган ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм", - деп билдирди Акылбек Осмоналиев.

Жолугушууга акын-жазуучу, Улуу Ата Мекендик согуштун 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, “Ак Жол” коомдук фондусунун төрагасы Асек Урманбетов, жазуучулар бирикмесинин мүчөсү Каныбек Бокоев, “Кыргызстан юристтер ассоциациясы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жеңишбек Арзыматов, “Жарандык демилге интернет саясаты” коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева жана “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин директору Памирбек Казыбаев катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: