super.kg logo

СУПЕРСТАН: "ЭКУ жолу менен бойго бүтүрүү - чөнтөгү калыңдар үчүн жана аргасы түгөнгөндөрдүн иши"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "ЭКУ жолу менен бойго бүтүрүү" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кепилдиги бар, бирок бойдон түшүү коркунучу көп. ЭКУга көп акча, убакыт жана нерв коротулат. ЭКУ аркылуу бойго бүтүрүүдө көбүнчөсү эгиздер төрөлөт экен. Мисалы, белгилүүлөрдөн: Анжелина Жоли, Женнифер Лопес, Жулия Робертс, Селин Дион жана башкалар эгиздердин бактылуу энелери".

"Мен дагы эгиз уулдуу болгум келет. Кыргызда бар бекен деп окуп жаткам. Андан төрөлгөн балдар алсыз болот дешет. Себеби бойго бүтүп жатканда эң "шустрый, быстрый" сперматозоид кирет экен да, а аркылар алсызыраак келишет окшойт".

"Мм, негизи ЭКУда сперматозоиддердин "мощныйлары" тандалып алынат. Аялга стимуляция жасалат да, бир урук клеткасы эмес, бир нечеси өрчүйт. Ошол өрчүгөндөрүн да электен өткөрүп, текшерип, анан пробиркада кошултушат. Адатта 5, 8, 12... даана өрчүй баштаган түйүлдүктөр пайда болот. Аларды да иликтеп, канчасы калса, болочок ата-энеге айтат. ЭКУ менен 8 эм төрөгөндөр деле жүрбөйбү. Тилекке каршы, түйүлдүктөрдүн баарына аялдын даремети жетпегендиктен, эң-эң экөө гана тандалып алынат да, бири-бирине окшош эмес, бирдей же ар башка жыныстагы эгиз балдар төрөлөт. Себеби бир эле түйүлдүк өрчүтүлсө, кокустук болуп өспөй калса мээнет текке кеткен болот. Бул эми идеалдуу учур. Бирок көбүнчө ЭКУ жасаткандардын же спермограммасы анча жакшы эмес, же урук клеткалар көп өрчүбөй калса, адистер бар урук клеткалары менен гана иштешет да, балдар ошондон назик болушу мүмкүн. Же аны ата-энеси өтө эле алпештеп жүрүп өздөрү ошентип коюшу мүмкүн".

"Чөнтөгү калыңдар үчүн жана аргасы түгөнгөндөрдүн иши деп билем. Коңшу эжеке араң бир жолу жасатса болбой калып, кайра экинчисин жасатып төрөдү. Бул жол менен деле төрөй албагандар бар, аял киши балалуу болуш үчүн эмнеге гана барбайт".

"Жашы 34-36дагы эжени көргөм, Алматыдан жасатып келип кыз төрөгөн. Экинчисин да жасатып кыз төрөдү, азыр кыздары чоңоюп калыптыр".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.05.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Табийгый жол менен балалуу болууга эмне жетсин. Эми арга жоктон ал жолду тандашат да. Кантсе да оз баласы болуп торолот да. Жараткан кызды жараткан сон эне болуу бактысын да кошуп жаратса экен. ЭКУменен торолгон балдар менен ЭКУ менен кыздар баш кошсо поколениеси барып барып тукумсуз болуп калышат деп жазылганын окуган элем
05.05.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экого айла жок барышат да акчасы ото кымбат
05.05.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айылдан донор издегиле бекер эле.
06.05.2017. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчасы канча болду экен кыргызстанда барбы??биздин келин 1ди торогондон бери 10 жыл отту дарыланып торой албай журот..Бишкектеги Ганконг деген центрга да барды быйыл кышта кунуно 10 мин толоп. 8кунго 80 мин толоп дарыланды резултаты жок дале 4 ай отту..
06.05.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах берээрин унутпасын. менин байкем 7 жылда жакында кыздуу болду. Аракетте берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: