super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Эгемендүү Кыргызстандын банк системи өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө тийиш”

 

Бүгүн, 10-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы - Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:

“Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Үстүбүздөгү жылы биз улуттук валютаны – кыргыз сомун киргизгенибиздин 20 жылдыгын белгилейбиз. Ушул жылдардын аралыгында өлкөнүн каржы системи дагы чыңдалып калды. Биз улуттук  кызыкчылыктарды чагылдырган көз карандысыз каржылык саясат жүргүзүп жатабыз. Эгемендүүлүк жылдарында өлкөдө финансылык мекемелердин ишмердиги, анын ичинде чет элдик капиталы бар банктардын иштеши үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Банк системин өнүктүрүүдөгү Кыргызстандын ийгиликтерин эл аралык коомчулук тааныды.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, эгемендүү Кыргызстандын банк системи өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө иштеп, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын жана каржылык коопсуздугун коргоодо өтө маанилүү милдет өтөөгө тийиш. Жакынкы жылдарда насыя берүүнүн көлөмүн көбөйтүп, мөөнөтүн узартуу, насыялардын пайыздык төлөмдөрүн төмөндөтүү зарыл. Улуттук банк жана банк чөйрөсү системдеги атаандашууну күчөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.  

Банк кызматынын аймактык рыногунда алдынкы позицияларды ээлеп, өлкөгө инвестицияларды салууга ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн натыйжалуу эмгектене беришиңиздерге тилектешмин!" 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: