Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө
















Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мындагы эскилиги жеткен сугат лотоктору алмаштырылып, эс алуучулар жүрүүчү жолдорго асфальт төшөлүүдө. Аталган сейил бакта ондогон дарактар куурап калганын көрүүгө болот.
"Мен ушул аймакта жашайм. Үйүбүз сейил бакка жакын. Күн сайын эки неберемди ээрчитип бакты айланып эс алабыз. Неберелерим ролик, велосипед тээп ойношот. Мен болсо кээде китеп окусам, кээде жолдош балдарым келип калганда шахмат ойнойбуз. Оңдоо иштери башталганда кубанганбыз. Буга чейин эс алуучу жайдын шарты жок болчу. Азыр эми мүмкүнчүлүктөр акырындан түзүлүп жатат", - деп билдирди шаар тургуну Өмүркул Төлөбаев.
Сейил бакта курулуш иштеринин жүрүп жатканына карабай эс алуучулардын саны көп экенин көрүүгө болот. Айрымдары жөн гана сейилдеп жүрсө, башкалары үй-бүлөсү менен көңүл ачып жүрүшөт.



1 |