super.kg logo

Жер көчкүлөрдү алдын алуу үчүн үч жылда өлкөдө 510 миңге чукул көчөт отургузулду

 

Бүгүнкү күндө жер көчкүнү жана селдин жүрүшүн алдын алуу максатында кооптуу тилкелерге көчөт отургузулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Көчөттөр “Жашыл долбоор” долбоорунун алкагында отургузулуп жатат. Маалыматка ылайык, 2014-жылдан 2017-жылга чейин өлкө боюнча, өзгөчө кооптуу делген 117 тилкеге, жалпы аянты 1073,76 гектар жерге 633 440 даана көчөт отургузуу пландалган.

"Ал эми бүгүнкү күндө өлкө боюнча 510 миңге чукул көчөт отургузулуп, кооптуу делген 217 тилкеге, 791 миң гектар жерге урук себилген. Бул иштердин жыйынтыгында 7306 турак үй, 817 гектар жер, 22 мектеп, 3 социалдык объект, 3 бала бакча, 1 спорт зал, 4 көпүрө, 2 мечит, 4 ФАП корголуусу пландалып жатат", - деп билдиришкен министрликтен.

Ошондой эле кооптуу аймактарга отургузулган көчөттөр атайын терең тамыр алуучу, мөмөлүү дарактардын түрлөрүнөн тандалып алынганын жана дарак отургузуунун үч өзгөчөлүгү бар экендиги белгиленет:

- жаратылыш кырсыктарынан сактайт;
- өлкөнү жашылдандыруу иши жүрөт;
- көчөт отургузулган аймактагы элдер анын мөмөсүн пайдалана алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
05.05.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
120 кой Кыйганды жакшы корот эле.
Чонойуп ишке жарап калганда биздин 120 кой шылтоо таап кыйбаса экен.
05.05.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 100ду эктим коркуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: