super.kg logo

Парламентте өлкөнүн айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча насыялык жана гранттык макулдашуу жактырылды

 

Парламентте өлкөнүн айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча насыялык жана гранттык макулдашуу кечээ, 4-майда жактырылды . Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 425 айылда көлөмү 8 миллиард 882 миллион сомду түзгөн суу түтүктөрүн, ошондой эле 27 райондук борбордо баасы 4 миллиард 48 миллион сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралууда.

Стратегия республикалык бюджеттин, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Швейцария конфедерациясынын экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик секретариатынын, Европа инвестициялык банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана дагы башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.

- Ислам өнүктүрүү банкы - 15 миллион доллар;

- Шериктештиктин ислам фонду - 5 миллион доллар;

- Өкмөттүн кошо каржылоосу - 3 миллион доллар.

Ислам өнүктүрүү банкынын насыясы 1,5 пайыздык төлөм менен 25 жылга, анын ичинде 7 жылга жеңилдетилген мөөнөт берилет. Ал эми Шериктештиктин ислам фондунун насыясы 0,75 пайыздык төлөм менен 30 жылга, анын ичинде 10 жылга жеңилдетилген мөөнөт берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: