ӨКМ: Чоң-Алай районунда 717 адам чатырларга көчүрүлдү
Чоң-Алай районунда 717 адам чатырларга көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-майдагы жер титирөөдөн кийин аталган райондун Жекенди айыл аймагындагы Кара-Мык, Шиве, Жекенди, Чулук, Кара-Тейит айылдарында жалпы 281 турак жай изилденген, анын ичинен 66 турак-жай авариялык абалга келген. Ошондой эле 215 турак жайдан майда жаракалар пайда болгон. Андан сырткары 6 социалдык объект изилденип, 2 ФАП,1 почтанын имараты, 1 мектеп авариялык абалда.
4-май күнү жер титирөө болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышып, тургундар менен жолугушкан.
Аталган министрлик тарабынан 5 орундуу 100 даана чатыр жер титирөө катталган аймакка тигилген.
1. Карамык айылына, 63 үй-бүлө (445 адам);
2. Жекенди айылына, 10 үй-бүлө (66 адам);
3. Кара-Тейит айылына, 10 үй-бүлө (125 адам);
4. Чулук айылына, 5 үй-бүлө (42 адам);
5. Шибе айылына, 6 үй-бүлө (39 адам).
Азыркы тапта дагы 200 даана чатыр куткаруучулар тарабынан тигилип жатат.
Айта кетсек, бүгүн дагы Кыргыз-Тажик чек арасында саат 11:09да 7 балл, саат 11:15те 5 балл, саат 12:38де 5 балл жана 13:03тө да жер титирөө катталган.







1 |