super.kg logo

Бейтап: "Мамакеев атындагы хирургия борборунун дарыгерлери "эс алуу күн" деп кабыл албай жатышат"

 

5-майда SUPER.KG порталына бейтап Жумакан Толтобаева кайрылып аны М.Мамакеев атындагы хирургия борборунун дарыгерлери кабыл албай жатышканын айтты.

"Кечээ "Тез жардам" менен панкреатит оорум козголуп ооруканага келгенде кабыл алышкан. Бүгүн такси менен келсем нөөмөттөгү дарыгерлер "эс алуу күн" деп кабыл албай жатышат. Эмне, сөзсүз өлөйүн деп келгенде кабыл алыш керекпи? Фучик көчөсүндөгү ооруканага баргыла деп жатат", - дейт Жумакан Толтобаева.

Аталган борбордун кабылдамасынан бейтап келгенин ырастап, кабыл алынбашынын себептерин түшүндүрүштү.

"Биз эс алуу күнү деген эмеспиз. Негизи дүйшөмбү жана жума күндөрү бейтаптарды кабыл албайбыз. Ооруканада тазалоо иштери жүргүзүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул боюнча атайын чечим чыккан. Келген бейтаптарга кабыл албай турган күн экенин түшүндүрүп, башка ооруканага барышын айттык. Бирок бизди укпай коюшту", - деп билдиришти оорукананын кабылдамасынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.05.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда майрам болуп больницаларда доктурлар жок, мед сестралар эле иштеп жатышыптыр.Бул эмне доктурлардын эс алуу майрамыбы?
06.05.2017. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анда оор абалда келген оорулууну ажалга кете бер деген соз турбайбы,
оору дуйшомбу ,жумага карабайт да,
республикада ноомотто турган догдурлар болбосо,анда айылдарда не болуп жатты экен,ошон учун айтылган кеп бар: бир догдурларга тушкондон, бир милициядан кудай сактасын деп
,кудайым ден соолук эле берсин,боодо кырсыктан сактасын!
06.05.2017. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ушуга чейин билбейби ооруканалар очеред менен кабыл алат
06.05.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каап...Колуна тыйын кармата койсонор болмок.Булар конуп бутушкон да тыйын алып.
06.05.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дарыгерлер майрам дегенди билишпейт. Дарыгерлер билсе да оорукана майрамды билбей иштеп келет. Ушундай кыйналып ооруп барганыбызда биздин жакшы болуп чыгып жатканыбызга алардын салымы чон. Кыргызстанда аз айлыка иштеп жаткан Дарыгерлерлерге чоон рахмат.
06.05.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Министрдин чечимин ачык айткыла .Кайсыл кундору кабыл алынбайт бейтаптар ошол кундору оорубай турабыз анда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: